Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

 

Кыргыз медицинасына опол тоодой салым кошкон 93 жаштагы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев э узак убакыттан бери хирург болуп иштеп келе жаткан врач катары Гиннесттин рекорддор китебине кирди. Маалыматка ылайык, рекорд 2020-жылдын 29-февралында катталган. Бул маалга карата Мамакеев хирург катары 67 жыл 181 кн иштегени айтылат. Мындан улам SUPER.KG порталы эл сыймыгы Мамбет Мамакеевдин сыйлыгы менен куттуктап, анын иш кесесине баш бакты.